Чүй облусунун Жайыл районундагы Новониколаевка инновациялык гимназия мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Анын маалыматына караганда, иш-чарага ата-энелер, окуучулар, 20 жылдык жолугушууга келген бүтүрүүчүлөр катышышты. Салтанат соңунда гимназиянын директору, билим берүүнүн отличниги Тамара Шадыканова бүтүрүүчү класстын окуучуларына ырдап берди.