Чүй облусунун Москва районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы мектепте акын, котормочу, мугалим Тилекмат Базаркуловдун айкелинин ачылыш аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Алтынбек Мамбеталиев аймактык кабарчыга билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарага акимдин орун басары Ж.Нарботоев, райондук билим берүү бөлүмүнүн, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар, мугалимдер жана окуучулар катышты.
А.Мамбеталиевдин айтымында, Т.Базаркулов кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги, мугалимдердин республикалык 6-създинин делегаты болуп, 27 жыл мектепте директорлук кызматты аркалаган. 1991-жылы көзү өткөн соң, 1992-жылы анын ысымы аталган мектепке ыйгарылган.