Таласта Ноорузга карата райондор аралык көк бөрү мелдеши өттү

turmush
Скачать
Просмотров: 203
 
Опубликовано 21 Марта 2019, 09:27

Кечээ, 20-мартта Талас шаарындагы ипподромдо Ноорузга карата көк бөрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу оюндун башкы калысы Расул Чокоев билдирди.

Анын айтымында, таймашка облустагы 4 район, 1 шаардан бирден команда катышты. «Мыкты оюнчу» наамын Манас районунун 1979-жылы туулган тургуну Мидин Арыкбаев алды. Ал эми Кара-Буура районунун Чабалекей аттуу күлүгү «Мыкты күлүк» аталды.

Жыйынтык:

- 1-орун — Кара-Буура району (30 миң сом);

- 2-орун — Манас району (20 миң сом);

- 3-орун — Талас шаары (10 миң сом);

- 4-орун — Бакай-Ата жана Талас райондору.