Таласта Жерүй кенин иштеткендер аңчылыкка бара жаткандарды кармап жолдон өткөрбөй коюшту

turmush
Скачать
Просмотров: 1878
 
Опубликовано 4 Декабря 2018, 12:05

Таластагы Түз-Ашуу капчыгайына аңчылыкка кетип бара жаткандарды Жерүй кенин иштеткен компаниянын кароолчулары жолдон өткөрбөй коюшту. Бул тууралуу аймактык кабарчы Талас облусундагы аңчылык жана балык уулоо коомунун өкүлү Анатолий Майзер билдирди.

«2-декабрь күнү Талас районунун Бекмолдо айыл аймагы тараптан мергенчиликке чыккан балдардан чалуу болду. Жерүй кенинин тосмо пунктунан кайтаруучулар «бул мамлекеттен сатып алынган жер» деп мергенчилерди Түз-Ашуу капчыгайына өткөрбөй жатышканын айтышты. Ал жол баары пайдалауучу жол. Адамдарды өткөрбөгөнү канчалык мыйзамдуу? Бул материалдарды прокуратурага өткөрүүгө камдап жатабыз. Балдар мергенчилике кекилик үчүн барышат. Баарында тиешелүү документтер болгон. Ал эми тосмо пунктунан айыл тургундарын гана өткөрүшүп жатышты. Бул видеодон өзүнүздөр деле күрсүнөздүр болот», - деди ал.
Ал эми Жерүй кенин иштеткен «Алтын Альянс» компаниясынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкуловдун айтымында, мергенчилер башка жакта аңчылык кылышы керек.

«Бизде стратегиялык аймак болуп, курулуш иштери жүрүп жатат. Жалпы бизге тиешелүү 1300 гектар жердин аймагына мергенчилерди киргизе албайбыз. Айылдан 7 км аралыкта күзөт кызматы турат. Ошол жерден тарта кире алышпайт. Башка жакка барып мергенчилик кыла беришсин. Алар өздөрү менен өздөрү оюн кылып жатышат. Ушул жылдын жаз айларында дагы ушул сыяктуу маселе болгон эле», - деди Жаныкулов.