Жыландай ийилген А.Калижанованы атасы 2 жашынан тартып үйүнөн машыктырып келет

turmush
Скачать
Просмотров: 446
 
Опубликовано 6 Ноября 2018, 14:00

Гимнастика менен машыккан Азема Калижанова жыландай болуп ийилип бийлеп, той-топурда акча таап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Азема 2008-жылы Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүндө төрөлгөн. Аны атасы Марат Качкынбеков 2 жашынан тартып үйүнөн машыктырып келет.

«Мен ушул Суусамыр айыл өкмөтүндө төрөлүп, ушул жерде өстүм. Өзүм спортко абдан кызыгып, күрөш менен алектенчүмүн. Ошондон улам кызымды да 2 жашынан тартып гимнастика менен машыктырып келе жатам. Быйыл 10 жашта. Кийин күрөш жагына да коштум. Күрөш менен да машыгып, айыл ичинде балдар менен күрөшүп, 2-орунду алган. Медаль, грамоталар менен да сыйлаган. Кызымды көрүп уулум да кызыгып, ал менен кошо машыгып калат.
Тамакты атайын деле тандап деле жешпейт. Кадимки эле күнүмдүк биз жеген тамактарды жешет. Айылда жашагандыктан ийримге барбайт, сынактарга катышпайт. Той-топурлар болгондо эле жыландай болуп ийилип бийлеп, анча-мынча акча да таап алышат», - деди ал.
Азема Калижанова келечекте чоң спортчу жана балет бийчиси болгусу келет.
«Мен келечекте дүйнөнү дүңгүрөткөн чоң спортчу жана балет бийчиси болгум келет. Мени 2 жашымдан тартып атам машыктырып келет. Бул менин хоббим. Мектепте үлгүлүү да окуучумун. Бош убактымда сыналгы көрөм. Көбүнчө машыгам. Күрөшкө да аралашып көп ийгиликтерди жаратып, грамоталар, медалдар менен сыйлангам деди», - деди ал.