Чүй облусунун Кемин районуна караштуу А.Сурантаев атындагы №2 орто мектебинде 2018-жылдын 29-октябрында мамлекеттик тил боюнча тажрыйба алмашуу жана «Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Кемин районундагы жалпы мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жана тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары катышты.