Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылынын 26 жаштагы тургуну Салмоор Аматов сууга секирүү учурунда моюнун сындырып алып, майып болуп калган. Анын жүлүнү кысылып калгандыктан сүйлөбөй, буттары жана колдору кыймылдабай калган болчу. Бирок, ал тынымсыз машыгуудан жана дарылануудан улам кайрадан бутуна туруп, сүйлөп баштады. Ал мындай жыйынтыкка жеткенине апасынын салымы зор экенин аймактык кабарчыга айтып берди.