Бакыт үчүн дүйнө кезген А.Токтосунова Балиде жашап жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 7972
 
Опубликовано 1 Октября 2018, 14:20

Турмуштан жолу болбой Москвага барган Асель Токтосунованын жашоосу түп тамыры менен өзгөрдү. Ал учурда экзотикалык аралдардын бири болгон Балиде жашап, кызын жергиликтүү мектепке окууга берди.

Асель Токтосунова 1974-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.

Кызым Назик менен үйдөн кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөшөбүз

- Мен Бишкек шаарында төрөлүп, ушул жерде өстүм. Кийин турмушка чыгып, бирок жолдошум экөөбүз эки жолго түшүп, ажырашып кеттик. Учурда 5 жашар кызым менен Индонезиянын Бали аралында жашайм. Кудайым буюрса, жашообуз жакшы. Кызым Бали башталгыч мектебине барат. Аты Назик, коомдук жайларда англис тилинде сүйлөйт. Үйдөн кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөшөбүз.

Дүйнө жүзүн саякаттап баштадым


- Кыргызстандан Москвага көчүп кеткенден кийин жашоом толугу менен өзгөрдү. Москвада иштедим, окудум. Ал жактан ар кандай адамдар менен тааныштым, дос күттүм. Россиядагы жергиликтүү тургундар күз жана кыш айларында жылуу мамлекеттерге кетишет экен. Мен да жол-жобосун таап, алгач 15 күнгө Египеттин Шарм-эль-Шейх курорттук шаарына бардым. Бирок,15 күн жетпейт экен. Ошентип Индияда 3 ай жүрдүм. Андан кийин Таиланд, Филиппины, Тунис, Египет, Малайзия, Ява аралына саякаттап баштадым.

Эч жерде иштебей экзотикалык аралда жашоого мүмкүнчүлүк таптым

- Көп жылдап эмгектенип жүрүп Бишкектен, Москвадан үй алдым. Аларды ижарага бердим. Азыр эч жерде иштебей эле ошол ижара акысы менен жашаганга мүмкүнчүлүк таптым. Антсе да, иштеп көнүп калган жаным курбуларым болуп жеке ишкерлик менен алектенүүнү көздөп жатабыз. Иш баштоонун алдында Индонезиянын мыйзамдарын жана тилин тереӊдеп үйрөнүүгө аракет кыла баштадык.