Бүгүн, 10-сентябрда Кадамжай шаарындагы Саңги-Бала тоосунун чокусунан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин Кадамжай районундагы бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, өрт кечээ, 9-сентябрда саат 17:42 чамасында тутанган.
«Өрттү өчүрүүгө №3 тоо-кен куткаруу бөлүмүнөн 9 адам, №26 өрткө каршы кызматынан 26 адам, өзүнчө куткаруу отрядынан 33 адам, жергиликтүү тургундардан 20 адам, Үч-Коргон токой чарбасынан 6 адам, ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнө караштуу өрткө каршы кызматынан өрт өчүрүүчүлөр, жалпы 135 адам тартылды», - деп айтылат ӨКМдин маалыматында.