5 -сентябрда III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосундагы этношаарчада облустар арасында кыргыздын улуттук кийимдерин көрсөтүү боюнча сынак өткөрүлдү. Бул сынакка Чүй облусунун атынан катышкан Москва району 4-орунду багындырган. Бирок аталган жыйынтыкка Москва райондук маданият бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Гүлкайыр Усенова макул эместигин айтып, калыстар тобуна нааразы болду, деп билдирди аймактык кабарчы.
Бул сынакта кыргыздын саймалары, оюлары түшүрүлгөн жана суукка, ысыкка ылайыкталып кийизден тигилген этностилдеги саркеч кийимдер көрсөтүлгөн.