Нарын облусунун Ак-Талаа районунда облусттук спартакиадага күрөштүн 3 түрү боюнча 29 окуучу балбан тандалып алынгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, окуучулар арасында кыргыз күрөш, греко-рим жана эркин күрөш боюнча райондук спартакиадан 29 окуучу балбан облусттук спартакиадага катышууга тандалып алынып, учурда «Тайлак баатыр» спорт клубунда машыктыруучулар Билимбек Капарбек уулу, Азамат Барктабасов жана Алмаз Кайыпов тарабынан жогорку деңгээлде машыгуудан өтүшүүдө.
Алар; Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинен 3 балбан, Байымбет атындагы орто мектебинен 2 балбан, Э.Карасартов атындагы орто мектебинен 6 балбан, Ж.Сатылганов атындагы орто мектебинен 2 балбан, М.Баетов атындагы орто мектебинен 1 балбан, М.Базаркулов атындагы орто мектебинен 3 балбан, А.Абдраимов атындагы орто мектебинен 5 балбан, К.Молдобасанов атындагы орто мектебинен 2 балбан жана С.Турдакунов атындагы орто мектебинен 5 балбан 12-апрелде Нарын шаарында өтө турчу облусттук спартакиадага барып, күч сынашмакчы.