Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылынын тургуну Мухамет Шарипов Корабль аттуу гиссар тукумундагы кочкорун 5 миң долларга баалап сатып, Кыргызстан боюнча рекорд койду. Ал 18 жылдан бери жалаӊ гиссар тукумундагы койлорду багып келет.