00:00 / 00:45

Нарын; Унаа жол жээгинде кароосуз жүргөн малдар камалууда

turmush Категория: Новости 20 ноября 2026, 13:55 18 просмотров
Скачать
Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагындагы унаа жол жээгинде кароосуз жүргөн малдар камалууда. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, 2026-жылдын 18-ноябрь күнү Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн Оттук айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен биргеликте Миң-Булак айыл аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рейддик иш-чара өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө унаа жолдордо кароосуз жүргөн малдар аныкталып, жалпы 32 баш жылкы жана 24 баш уй камакка алынды. Ошондой эле, мал ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мал жандыктарын өзгөчө түнкү убакта кароосуз калтырбоо, жол кырсыктарынын алдын алуу максатында малга жарык чагылдыруучу ленталарды байлоо боюнча сунуштар берилди. Милиция кызматкерлери мал ээлерин жол кыймылынын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат



--
Отправлено из Mail для Android

ТОП просмотров