00:00 / 00:52

Ак-Талаа; Тоголок Молдо айылына чейинки унаа жолго асфальт басылды

turmush Категория: Новости 18 ноября 2026, 13:14 46 просмотров
Скачать
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Актал-Чат - Жогорку-Май унаа жолунун 6 чакырым 361 метр тилкесине 2 катмарлуу асфальт төшөлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Аскар Өмүрбековдун айтымында, аталган унаа жолго же тактап айтканда Тайлак баатырдын күмбөзүнөн тарта Кара-Ой айылына чейинки жолго асфальт төшөлдү.

Асфальт төшөө иштерин Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары жана техникалары тарабынан аткарылды.

--
Отправлено из Mail для Android

ТОП просмотров