00:00 / 01:10

Кайыңды шаарында веложүрүш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр сыйланды

turmush Категория: Новости 5 ноября 2026, 09:40 3 просмотра
Скачать
Кечээ, 4- ноябрда Чүй облусунун Кайыңды шаарында веложүрүш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр сыйланды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Кайыңды шаары Панфилов районунун административдик борбору болуп саналат.

"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 1 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жана Жаштар күнүнө карата ден-соолукту чыңдоо, сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу максатында веложүрүш өтүлдү.

Веложүрүштө катышуучулар спортко болгон кызыгуусун көрсөтүшүп, жаштардын ортосундагы достукту жана ынтымакты даңазалашты.Соңунда жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлүп, мыкты жыйынтык көрсөткөн катышуучуларга атайын сыйлыктар тапшырылды" деди мэриядан. Ал эми шаар мэри Рысбек Шейшенов жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырып
" Жаш муундарды сергек жашоого үндөө, аларда шарт түзүү башкы милдетибиз" - деди ал.

ТОП просмотров