Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Шапак баатыр көчөсүндө көптөн бери көмүлбөй жаткан аңга жеңил унаа чалкасынан түшүп калган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын бири Мирбек Абылгазиев билдирди.
Анын айтымында, кечээ 2-октябрь күнү болжол менен кечки саат 20:30 дар чамасында аталган шаардын Шапак баатыр көчөсүндө жазында казылып, ушул кезге чейин көмүлбөй жаткан аңга жеңил унаа чалкасынан түшүп калгандыгы маалым болду.
«Тээ жазында суу киргизүү үчүн жолдорду казышкан. Ошол казылган аңдар ушул кезге чейин көмүлбөй жатат. Көңүл бурган бир дагы жан жок. Анысы аз келгенсип ал көчөдө жол чырактар дагы, жол белгилер дагы жок. Жок дегенде тигил аңдарга белги коюп коюшпайбы. Жыйынтыгында кечээ саат 20:30 дар чамасында жеңил унаа түшүп, чалкасынан түшүп калыптыр. Менимче "Мазда" окшойт. Ичинде 2 адам бар экен. Бактыга жараша алар жабыр тартпаптыр. Бирок, унаасы жабыр тартты да. Жай эле айдап келе жатып кирип кетишиптир. Каршы маңдайынан дагы унаа чыгып, анын жарыгынан улам жол көрүнбөй калыптыр. Мындай аңдар дагы толтура. Жаздан бери эле ушул көчөнү видеого тартып, социалдык сайттарга чыгарып, шаар башчысына айтып эле келе жатабыз. Бир реакция кылып койгон жок. Көчө чаң, талкаланган боюнча жатат», - деди Мирбек Абылгазиев.
--
Отправлено из Mail для Android