Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Арпа жайлоосунда карышкырдар малчылардын көз алдында эле малдарга кол салып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган жайлоодо карышкырлар күч болуп, малчылар койлордун жанына жүргөнүнө карабай койлорго кол салып, тамактап, жеп кетип, ал тургай бир короого бир күндө 2 жолу кол салып жаткандыгын, жакадагы жан эгиндерин оруп-жыйноо иштерин эртелетип бүткөрүп, малчыларды көчүп барууга руксат берүүлөрүн айткан малчылардын видеолору социалдык баракчаларга тарады.
Кара-Бүргөн айылынын Арзымкан аттуу малчысы бир күндө 2 жолу салганын айткан.
«Бир туугандар бизде мындай болду. Бир койду карышкыр тамактар кетти. Марганцовка менен жууп, мойнун таңып койдук. Бул эми кой болобу же болбойбу...ким билет. Эртелеткиле. Биз койду кырдырып ийип, балээге калган жатабыз. Карышкыр бүгүн 2 жолу кол салды. Бирөөнү тиштетпей ажыратып калдым. Бирөөнү минтип тиштеп кетти», - деген ал.
Ал эми Фархат аттуу малчы карышкырлар койду колдон талашып жатканын айткан.
«Килтейген карышкыр экен. Бир койду карышкыр тамактаган. Кой тирүү эле болчу. Ажыратып калгам. Калган койлорду чогултуп, бул койду кошуп кетейин деп, койлорго барып кайра келгиче муну жеп жатыптыр. Локуйган карышкыр экен. Килтейген кой экен. Ичпей-жебей муну төлөйсүң да. Жанында жүрүп эле алдырттым. Карышкырды ак ташты тегеренип кубалагам. Койду чогултуп келип, кошоюн деп кеткем. Койгон кетсем, карышкыр кайра келип, бул койдун төшүн жулуп кетиптир. Бизге эртелеп көчүрбөсөңөр, булар жан койчудай эмес. Кишиден коркпой, ташты тегеренип, койду карай чуркап жатпайбы», - деди
Кенжебек Исмаилов карышкырлар кишиден коркпостугун айтты.
«Бир коюмду тартып кетпедиби. Бул карышкырлар такыр коркпойт экен да. Бир коюмду кекиртеп жиберди», - деди ал.
--
Отправлено из Mail для Android