Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагынын эли Соң-Көлгө барчу унаа жолдун абалына нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган айыл аймактагы айрым жашоочулар жолдун абалы начарлап, унаа жүрүүгө болбой калгандыгын айтышууда. Алардын бири Эдик Качкынбаев жол болбой калгандыгын айтты.
«Соң-Көл - Куртка жолу май айында бир сүрдүрүшкөн. Ошол кезден бери жол бир дагы жолу сүрдүрүлө элек. Июль айында жаан катуу жаап, ашуунун айрым жерлерин кыян суулары жепикетке. Ошондо, грейдер барып суу жеген жерлерди оңдоп-түздөп кетишкен. Ошол жерлер кайра эле бузулуп калыптыр. Куртка айылынан тарта Соң-Көлдөгү Нарын районунун чек ара Яна чейин бир сүзүп берип коюшса жакшы болот эле», - деди ал.
Ал эми Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Аскар Өмүрбеков элди сабырдуулукка чакырды.
«Бардыгын эле жасап салалы деп аракет кылып жатабыз. Бирок, физикалык жактан жетишпей жатабыз да. Учурда, Ак-Кыя айылы тарапка кетүүчү унаа жолго асфальт төшөп жатабыз. Бул бүтөрү менен Тоголок Молдо айылына бара турчу 7 чакырым жолго асфальт төшөө үчүн жол жумуштарын баштайбыз. Биз дагы күн сууктап кете электе асфальттоо иштерин аягына чыгарууга аракеттеди көрүп жатабыз. Кудай буюрса, Соң-Көлдүн жолуна дагы грейдер чыгарам. Анан, жергиликтүү элди сабырдуулукка чакырып кетет элем. Бир аз сабыр кылып туруңуздарчы. Биз жол асфальттоо иштеринен бошобой калып жатабыз», - деди ал.
Отправлено из Mail для Android