Кырчында элечекке арналга жөө жүрүш өттү

turmush
Скачать
Просмотров: 147
 
Опубликовано 2 Сентября 2026, 17:29

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда көчмөн аялзатынын улуттук баш кийими — элечектин жүрүшү уюштурулганын медиаштаб маалымдады.

Өзгөчө форматтагы жүрүшкө бийиктиги 80 сантиметр, диаметри 1,5 метр болгон элечекти көтөрүп өтүшкөн. Аны даярдоого жалпы 40 метр кездеме сарпталган.

Жүрүш кыргыз элинин улуттук мурасын, каада-салтын жана аялзатынын маданияттагы ордун даңазалоого багытталган.