Нарын; Ак-Коргон конушунун жашоочуларынын нааразычылыгы

turmush
Скачать
Просмотров: 29
 
Опубликовано 16 Августа 2026, 14:59

Нарын облусунун Нарын шаарындагы Ак-Коргон конушунун жашоочулары конуштун инфраструктуралык абалына нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдиришти.

Аталган конуштун жашоочусу Элима Осмонова Ак-Коргон конушуна көп жылдардан бери көңүл бурулбай калгандыгын айтты.

«Нарын шаарынын борбордук бөлүгүн эле көрктөндүрүп жасай беришет. Башка жактарынан көңүл бурушпайт. Ак-Коргон жак "страшный". Селден улам жашоочулардын үйлөрү, короо-жайлары жарылып, жарабай калган. Көчөлөр коркунучтуу. Жок дегенде, тиги "страшный столбаларды" сырдатып коюшса болмок. Жарылган үйлөрдү өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы "бузуп салгыла" деп коюшкан. Аларды бузуп, жаңысын салган менен баары бир. Кайра эле сел каптайт, кайра эле жарылат. Ал жерден астынан канал кетет. Тоого жакын көчө. Нарында курулган мамлекеттик ипотекалык үйлөрдөн бизге окшоп үйлөрү селден жарылгандарга берип койсо болмок. Ал боюнча кайрылсак "ипотекалык үйлөрдүн төлөм акысын 50 пайызын төлөгөндөргө гана берилет" деп коюшту»,- деди Элима Осмонова.

Бул боюнча Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы Ак-Коргон жана Москва аймагындагы 7 көчөдө сел сууларын токтотуу максатында 10 млн сомдук долбоор ишке ашырыларын белгиледи.

«Нарын шаарындагы Ак-Коргон жана Москва аймагындагы жалпы 7 көчөдө кыян суу каптоону жоюу максатында 10 миллион сомдук долбоор ишке ашат. Шаар башчысы шаардагы сел каптоо коркунучу бар аймактардын баардыгын изилдеп чыгып, 7 көчөдө сел кооптулугун жоюу максатында облустук өнүктүрүү фондуна долбоор өткөргөн. Долбоорго ылайык, биринчи Ак-Коргон аймагындагы Октябрдын 60 жылдыгы, Тамчы-Булак, Чоң-Таш жана Рыскулов көчөлөрүндө тоодон жана турак үйлөрдөн түшкөн жаан-чачын сууларын агызуучу арык лотокторун куруу жана Октябрдын 60 жылдыгы, Тамчы-Булак көчөлөрү менен Рыскулов көчөсү менен кесилишинде чоң көлөмдөгү сууну агызып өткөрүү шакекчелерди орнотуу, экинчи Московский аймагындагы Оттук, Оттук-2 жана Тянь-Шань көчөлөрүндө тоодон жана турак үйлөрдөн түшкөн жаан-чачын сууларын агызуучу арык лотокторун куруу жана Оттук, Оттук-2 көчөлөрү Р.Заярко көчөсү менен кесилиште, чогулган чоң көлөмдөгү сууну агызып өткөрүүчү шакекчелерди орнотуу иштери аткарылат. Мындан сырткары, шаарда өзгөчө кыраалдарды алдын алуу максатында Москва чөлкөмүнө 260 метр сел агып өтүүчү канал, РТС, Ак Коргон аймагынадагы сел суулары түшкөн коктуга селден коргоочу тосмолор курулат», - деди басма сөз кызматы.

--
Отправлено из Mail для Android