Нарын облусунун Ак-Талаа районунун сел суусу каптап жаткан Баетов - Кош-Дөбө унаа жолундагы суу ташкыны токтотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Аскар Өмүрбековдун айтымында, кечээ 2-июнь күнү болжол менен түнкү саат 22:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Баетов–Макмал автожолунун 84–85-чакырым аралыгында жол жээгиндеги арыктардан суу ташып чыгып, сел жүргөн. Аталган ишкана тарабынан кырдаалдын кесепеттерин жоюу максатында ыкчам түрдө атайын техника тартылып, суунун нугун буруу иштери жүргүзүлгөндүгү маалым болду.
«Ошол жерде сугат суу каналы жайгашкан. Каналдын өзүндө дагы суу болгон. Ага сел суулары кошулган дагы, каналга суу батпай калып, жолдон ашып өткөн. Эч кандай жолдун чордонундагы көпүрөнүн ичи эч нерсеге толуп калган эмес. Бизге билдирүү түшөрү менен атайын техника менен барып, суу жол жээктерин бекемдеп, суунун нугун буруу иштерин жүргүздүк. Жолдо каттам ачык», - деди Аскар Өмүрбеков.
Буга чейин, жергиликтүү айдоочулардын бири, катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел суусу Баетов - Кош-Дөбө унаа жолун каптап жаткандыгын билдирген болчу.
--
Отправлено из Mail для Android