Ак-Талаа; Губернатор болууну кыялданган баланын өтүнүчү орундалды

turmush
Скачать
Просмотров: 0
 
Опубликовано 1 Июня 2026, 22:35

Губернатор болууну кыялданган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылынын 20 жаштагы тургуну Сыймык Эсенгулов облус башчынын колунан белек алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кыргыз Республикасынын президентинин Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматкери Майрамбек Өмүрбаевдин айтымында, 26-май күнү президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Баетов айылында эл менен жолугушуу учурунда Терек айылынын 20 жаштагы тургуну Сыймык Эсенгулов «губернатор» болууну кыялданарын айтуу менен бирге жаңы жылда облус башчысына кат жазгандыгын, бирок жооп болбогондугун айткан эле. Ага облус башчысы миңдеген каттар келгендигин, айрымдарына белектер берилгендигин, ошентсе дагы белек берерин айткан. Кечээ, 1-май күнү облус башчысы Нурбек Сатаров Сыймык Эсенгуловду кабыл алып, ага планшет, окуу куралдарын тапшырып жана акчалай колдоо көрсөткөндүгү маалым болду.

Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Сыймык Эсенгуловдун алдыга койгон максаттарына жетүүнү жана окууларына ийгилик каалоо менен бирге «ойноо үчүн эмес, окуу үчүн бердим» деп планшет тапшырды.