Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кызмат өтөө учурунда адам өмүрүн сактап калууга ыкчам жардам көрсөтүштү.
Тактап айтканда, өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чаралардын алкагында кызматкерлер катуу ылдамдык менен келе жаткан унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда унаанын ичинде 1 жаштагы наристе суу жутуп алып, дем ала албай жаткандыгы аныкталган.
Абалдын оор экендигин эске алган ЖККБ кызматкерлери убакытты текке кетирбестен, наристени кызматтык унаага салып, тез арада ооруканага жеткиришкен. Натыйжада дарыгерлер тарабынан ыкчам медициналык жардам көрсөтүлүп, наристенин өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.