Ак-Талаадагы мугалим аскерге чейинки даярдоо сабагын күчөттү зарылдыгын айтты
-
Категория
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы аскерге чейинки даярдоо мугалими Шаршенбек Мурзабеков аскерге чейинки даярдоо сабагын күчтөндүрүү зарыл экендигин айтты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 16-апрель күнү аскер комиссариатынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу аземине келген Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, анда жергиликтүү тургундар тарабынан берилген суроо-сунуштарга жооп берди.
Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин аскерге чейинки даярдоо сабагынын мугалими Шаршенбек Мурзабеков аскерге чейинки даярдоо сабагын күчтөндүрүү зарыл экендигин айтты.
"Чындык деген ачуу болот го. Бизде балдарды мекенди сүйүүгө, мекенди коргоого түшүнбөстүк, маани бербестик орун алып жатат да. Биринчиден, учурда аскерге чейинки даярдоо сабагынын окутуу программасы , баягы СССРдин программасы боюнча калып калган. Ошол программаны биздин кыргыз армиясына ыңгайлаштырылган программа киргизип, ошону менен сабак өтсөк болот эле. Экинчиден, бир топ орто мектептерде аскерге чейинки даярдоо сабактарын катардагы мугалимдер гана берет. Алардын көбү аскердик милдеттерди тереңинен биле беришпейт. Мугалимдерди жумушка алууда Коргоо министргиги менен агартуу министрлигинин ортосунда байланыш болуп, сүйлөшүп аскерге чейинки даярдоо сабагынын саатын көбөйтүп берсеңиздер. Үчүнчүдөн, балдарды окутууда шарттар түзүлүп берилсе. Мисалы, атайын класстык бөлмө, машыгуу аянтчалары, курал-жарактардын окутууга үлгүлөрү берилсе жакшы болмок. Ушул боюнча маселени оң жагына чечип берип, бизди, Кыргызстан боюнча сүйүнтүп коюңузчу", - деди Ш.Мурзабеков.
Ал эми министр Руслан Мукамбетов аскерге чейинки даярдоо мугалимдерин аскер комиссариаты менен макулдашуу керектигин билдирди.
"Бул маселе боюнча былтыр Агартуу министрлиги менен биргеликте иш алып барганбыз. Жаңы программа түзүлүп бүттү. Негизи туура айттыңыз. Эмеле дагы "мекенди сүйүү аскер комиссариатынан башталат" дебедимби. Негизинен, мекенди сүйүү төрөгөндөн тарта, эненин сүтүнөн, мектептен башталыш керек. Биз кыргыз армиясында эмне көйгөйлөр бар экендигин анализдеп чыкканбыз. Мындан улам, былтыр ар бир аскер бөлүктөрүнө психологдорду киргиздик. Андан кийин, орто мектептерде аскерге чейинки даярдоо сабактарын боюнча...кээ бир айылдагы мектептерде бул сабактан армия тууралуу түшүнүгү жок айымдар сабак берет экен. Биз анализдеп көрсөк, аскерге чейинки даярдоо мугалимдеринин айлыктары аз экен. Анткени, Агартуу министрлигинде рээстр деп коёт экен. Негизги физика, математика деген сабактарды рээстерге калтырыптыр, ал эми аскерге чейинки даярдоо сабагын рээстрден чыгарып коюшуптур. Сааттары аз, айлыктары аз болуп калып, аскерге чейинки даярдоо мугалимдигине биздин ардагерлер барбайт экен да. Негизи, "аскерге чейинки даярдоо мугалимдерин аскер комиссариатынын сунушу менен менен жумушка алуу" токтому бар экен. Биз талап кылып жатабыз. Ошол орто мектептерге аскерге чейинки даярдоо мугалимин жумушка алууда аскердик түшүнүгү бар, аскерде кызмат өтөгөн, тажрыйбасы бар, аскердик боюнча сабак өтө ала турчу адамдарды аскер комиссариаты менен макулдашып, анан жумушка алуу керектигин талап кылып жатабыз. Кудай буюрса, ушулардын токтомдорун, мыйзамдарын калыбына келтирип, бүтүрөлү деп жатабыз. Бул боюнча мыйзам 2027-жылы күчүнө кирет го дейм", - деди министр Мукамбетов.
--
Отправлено из Mail для Android