-
Категория
Нарын районунун Ак-Кудук айылынын тургуну, кол өнөрчү Назира Өмүракунова көчмө ашпозчулук кесиби менен киреше таап келет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Назира Өмүракунова 1979-жылы 2-апрель күнү Нарын шаарында туулган. Ал Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебин аяктаган соң, Ак-Кудук айылына турмушка чыккан. Үй-бүлөлүү.
Каарманыбыз салттуу кол өнөрчүлүк өнөрүн өз энеси жана кайненесинен үйрөнгөндүгүн айтты.
"Кол өнөрчүлүктү өзүмдүн энем жана кайненемден үйрөнгөм. Турмушка чыкканга чейин апама жардам берип, кармалашып жүрүп алгач шырдак шырыганды үйрөнүп, акырындык менен башкаларын үйрөнө баштагам. Турмушка чыккандан кийин кайненем экөөбүз жасап жүрүп, учурда өз алдымча жасап калдым. Шырдак, кийиз килемче жасап, жер төшөктүн түрлөрүн курап, жээк ийрем. Албетте, шырдак жасоо оңой эмес. Атайылап сатуу үчүн деле жасабайм. Шырдакты жасап, туугандарыма, жакындарыма белек кылам. Буйрутма берип, жасап берген деле учурларым болгон. Ошко, Ат-Башыга, Орто-Сазга жасаган шырдактарымды саткам. Шырдак сапаттуу болуш үчүн биринчи жүнгө көңүл буруу керек. Жакшы, уяң жүндөн кийиз бышык болуп жасалып, басылат. Шырдак көрктүү болуусу үчүн оюусуна топ келген боёкторду туура тандап, шырыгын колдун шоонасы менен ийриш керек. Азыр көпчүлүгү эле колго ийилген шоона менен эмес, дүкөндүр жиби менен жөрмөп салышат. Ал бош болуп калат. Жөрмөгүн дагы майда жөрмөш керек да. Ошондо гана шырдак бекем болот", - деди Назира айым.
Ал жер төшөктүн түрлөрүн жасарын жана бир жер төшөктү бир жумада эле жасап бүтөрүн айтты.
"Жер төшөктүн түрлөрү болот. Чий курак, гүл курак, оюу курак жана жөнөкөй жер төшөктөрдү жасап жүрөм. Көбүн эсе баркыт кездемесин колдоном. Бир жер төшөктү, көңүл буруп отурсам бир жумада эле жасап бүткөрүп коём. Чындыгын айтканда, жер төшөк курап деле саткан эмесмин. Аны деле жакын туугандар үчүн жасап, белекке берем. Чынын айтканда, айыл жери болгондуктан башка жумуштар дагы бар. Дайыма кол өнөрчүлүк менен алектенип отурганга убакыт деле жетпейт. Анын үстүнө көзүмдүн көрүүсү начарлап, көз айнек тагынып калууга туура келип калды. Бирок, таптакыр эле таштап салгым келбейт. Анткени, улуу өнөрдү кыз-келиндериме үйрөтүп коюшум керек. Көп эле кол өнөрчүлүк сынактарга, көргөзмөлөргө бардым. Негизи, бизде кол өнөрчүлөргө колдоо жок. Ар кимибиз эле өз арбайыбызды өзүбүз эле сөгүп келебиз. Бир жолу көргөзмө өтүп, байгелүү орунга ээ болгом. Бирок, байгесине идиш берип койгон да", - деди Н.Өмүракунова.
Каарманыбыз Назира айым дарылык касиетке ээ самын дагы жасап, колдонот.
"Бош убактымда кир самын, атып самындарды жасап коём. Албетте, муну дагы сатыш үчүн эмес, үйгө өзүбүз колдонгонго эле. Бирок, тери ооруларына (чач өстүрүүгө, безеткиге, дене кычышуусуна каршы) самындарды буйрутма менен жасап берем. Самын жасоону айылда бир топ келиндерге үйрөтүп койгом. Биздин айылда көпчүлүгү эле самынды колго жасап алышып жок пайдаланып калышкан", - деди ал.
Назира айым негизги киреше булагы болгон ашпозчулук иши тууралуу айтып берди.
"Мына эми май айы жакындап калды. Менин негизги жумушум эми баш алат. Анткени э, мен көчмө ашпозчулук менен алектенем. Май айынан баштап 20 жылдык, 10 жылдык деген мааракелер башталат. Андан сырткары, куда тосуу жана башка тойлор башталат. Салаттын, тамактын жана башка дасторкон даярдоо боюнча сунуштар келип түшөт. Май айынан тарта ноябрга чейин тынымсыз иш болот. Бир дасторкон даярдоодо 15 миң сомдон жогору иштейм. Мисалы, 20 кишиден 30 кишиге чейин 15 миң сом, андан ашса бир кишиге 500 сомдон кошулат. Кээде, 4-5 күн удаасы менен чакыруулар болуп турат. Нарын району, Нарын шаары, нары жагы Ат-Башы районунан бери чакырышат", - деди ашпозчу айым.
Назира Өмүракунова иштеги кызыктуу окуялары менен дагы бөлүштү.
"Өткөн жылы Ат-Башы районунун Казыбек айылынан буйрутма түшүп, ал жакка сиңдимдин кызын ээрчитип баргам. Ал кыз хиджаб кийинип барган. Мен кадыресе эле кийинип баргам. Анан эле ошол үйдүн кожойкеси "эже сиз өткөндө синдимдикине куда тоскону келгенде хиджап кийинип, кызыныз жылаңбаш келбеди беле" деп күлөт". Мен "жок ай, эч качан хиджап кийип көргөн эмесмин" деп таңгалып коём. Көрсө, мурунку жумада сиңдим ошол үйдүн сиңдисиникине буйрутмага барыптыр да. Сиңдим дагы көчмө ашпозчулук менен алектенет да. "Өтө окшош экенсиңер" деп күлөт. Бирок, сиңдим толук жана сары, мен болсо кара жана толукмун да. Негедир, экөөбүздү көп айырмалай алышпайт.
Мен айылдан Нарынга 1 күн эрте барып, сиңдимдикине барып, ошол жактан кетем да. Нарында таксистерге адрести айтсам эле "аа ооба эже, сиз поварсыз да. үйүңүздү билебиз" дей беришет. Бирок, ал үйдө сиңдим жашайт да. Окшоштура беришет.
Бир жолу дагы Нарындан чакыруу түшүп, бардым. Дасторконун даярдадым. Кудалары келди. Куда тосуп жатышат. Үй кожойкесине "эсептешип, эмгек акымды берип коюңузчу" десем, ал "акча жок, кудалар кеткенден кийин ооз тийип, анан берем" десе болобу. Негизи андай эмес да. Кудалары кыздын калыңын берсе, анан ошол акчадан өздөрү "ооз тийип", анан бермек окшойт да. Айтор, ары-бери тартышып жатып, акыры алгам", - деди Назира Өмүракунова.
Отправлено из Mail для Android