Манас шаарында автоээнбаштык жасаган айдоочу табылды

turmush
Скачать
Просмотров: 29
 
Опубликовано 10 Апреля 2026, 13:10

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында автоээнбаштык жасаган «BMW» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя калаадагы Б.Алыкулов атындагы драма театрынын алдында болгон. Анда айдоочу унаасы менен дрифт жасаган. Ал көзөмөл камераларына түшүп, инспекторлор жеринен чара көрүштү.