Айланма жолдо адам өмүрүн алган кырсык катталды

turmush
Скачать
Просмотров: 450
 
Опубликовано 1 Марта 2026, 22:57

Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолунда адам өмүрүн алган жол-транспорт кырсыгы катталды.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда,  2026-жылдын 1-мартында болжол менен саат 16:30 чамаларында Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолунун 100-чакырымынан «Hyundai Sonata» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу күн чыгыштан күн батышты карай бара жатып, «Nissan Serena» унаасын ашып өтүп, карама-карышы келе жаткан «Audi S4» үлгүсүндөгү унаасы менен кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен «Audi S4» үлгүсүндөгү унаасынын жүргүнчүсү — 1958 жылы туулган Т.Б.Ш. окуя болгон жерден алган жаракаттарынын өзүнө келе албай каза болгон. Ошондой эле «Audi S4» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу — 1951 жылы туулган К.Ш.Н. аймактык ооруканга жетпей, жолдон өзүнө келе албай көз жумган. Ал эми «Hyundai Sonata» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү Кемин райондук аймактык ооруканасына жеткирилди.