Ак-Талаа; Бир айылдагы 6 балбан эл аралык мелдеште байгелүү кайтып келишти.

turmush
Скачать
Просмотров: 0
 
Опубликовано 12 Февраля 2026, 23:55

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылынын 6 балбаны эл аралык ири мелдеште байгелүү орундарды багындырып келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдын балбаны, машыктыруучу Камчы Төлөпалды уулу негиздеген Рыскелди уулу Туратбек атындагы күрөш клубунун грэпплинг боюнча 9 балбаны эл аралык "NAGA-GRAPPLING" мелдешине аттанып, соңунда 5 балбан байгелүү кайтышты, ал эми алардын машыктыруучусу Камчы Төлөпалды уулу 4 өлкөнүн балбандары катышкан Бишкекте өткөн эл аралык "Ак илбирс кубогу" аталышындагы эркин күрөш боюнча мелдеште 30-34 жаштагылар боюнча 78 килограмм салмактагылар арасында 1-орунду багындырып, чемпиондук курдун ээси болду.

Грэпплинг боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү;

- 57 килограмм салмактагылар арасында 1-орунду 17 жаштагы Рамил Азималиев камсыздап, чемпиондук курга ээ болду,
- 61 килограмм салмактагылар арасында 1-орунду 16 жаштагы Тариел Куштарбеков чемпиондук курдун ээси болду,
- 61 килограмм салмактагылар арасында 1-орунду 16 жаштагы Бек Самаганов чемпиондук курдун ээси болду,
- 50 килограмм салмактагылар арасында 13 жаштагы Бексултан Бердалиев 2-орунду,
- 40 килограмм салмактагылар арасында 13 жаштагы Азирет Жунусбеков 2-орунду багындырды.

Мындай ири мелдеште байгелүү кайтып келген балбандарды район акими Мирлан Камчыбеков кабыл алып, аларды жеңиши менен куттуктап, 5 балбанга ыразычылык кат, ал эми аталган клубга 20 миң сом жана машыктыруучу Камчы Төлөпалды уулуна ардак грамота тапшырды. Эң негизгиси, аталган балбандарды Чолок-Кайың айылынын эли салтанаттуу тосуп алышуу менен бирге машыктыруучу Камчы Төлөпалды уулуна ат мингизишти.


Отправлено из Mail для Android