Бүгүн, 8-февралда Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айылында турак үй өрттөндү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Ал эми райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматына караганда, аталган даректе турак үйдөн өрт чыкканы тууралуу билдирүү түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 07:24тө Кадамжай райондук №75 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 07:44тө Кызыл-Кыя шаардык №62 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.
Өрт саат 10:25те толук өчүрүлдү.