Ошто мурунку депутат менчиктештирип алган бала бакча кароосуз калган.

turmush
Скачать
Просмотров: 29
 
Опубликовано 7 Февраля 2026, 19:45

ш шаарында мурунку депутат Давран Сабировдун менчигине катталган №15 бала бакчанын жеринин мыйзамдуулугу кайра каралат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Давран Сабиров аталган бала бакчаны мыйзамсыз менчиктештирип алган. Учурда объект кароосуз абалда турат.

Калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 7-февралда А.Масалиев атындагы кең көчөдө жайгашкан №15 бала бакчанын аймагын жеринен көрүп чыкты.

Текшерүү учурунда бала бакча 1995-жылы Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан сатылып, 2006-жылы мэрия тарабынан мыйзам бузуу менен экс-депутат Д.Сабировго жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.