Ош шаарындагы «SunRise» мейманканасы эми бала бакча катары иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда мэр Жеңишбек Токторбаев Абсамат Масалиев көчөсүндөгү рейдде билдирди.
Анын айтымында, имарат «Үмүт Наристе» бала бакчасын көчүрүп келүү үчүн пайдаланылат.
«Бул жерди бала бакча кылып, «Үмүт Наристе» бала бакчасын бул жакка чыгарабыз. Бул объект сот аркылуу мамлекетке өттү. Дүйшөмбүдөн баштап имаратты бошотуп берсин. Ал эми мурдагы бала бакчанын орду биротоло Салижан Шарипов атындагы мектепке берилет», - деди мэр.