Чүй облусунун Токмок шаарында милиция кызматкерлеринин кызматтык унаасы катышкан жол кырсык катталды. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдирди.
Ал эми Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы тастыктаган маалыматка караганда, кырсык 2026-жылдын 6-февралында саат 12:28 чамасында Токмок шаарынын Ленин көчөсүндө болгон. 2006-жылы туулган М.Р.Х.нын башкаруусундагы «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаа күн батышты көздөй багытта бара жатып, сол тарапка кайрылып жаткан учурда кызматтык «Нива» унаасы менен кагышкан. Кызматтык унааны 1992-жылы туулган Д.Н.А. башкарып бара жаткан.
Кырсыктын кесепетинен «Ниванын» жүргүнчүлөрү, милиция кызматкерлери — 1994-жылы тулуган С.Д.С., 1994-жылы тулган К.уулу А., 1995-жылы туулган М.М.М. жаракат алды. Алар ооруканага жеткирилип жаткырылды.