Манас шаарында уурулукка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 14-январь күнү Манас шаардык ички иштер бөлүмүнө Манас шаарынын 1989-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Арызында 2026-жылдын 14-январына караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Манас шаарындагы тамактануучу жайлардын биринде белгисиз жарандар кассадан 14 000 сом акча каражатын жана жалпы баасы 17 000 сомду түзгөн «Redmi Note 9» үлгүсүндөгү 2 даана уюлдук телефонду уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факты Манас ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жана Манас ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында козголгон кылмыш ишине шектүү катары 34 жана 36 жаштагы эки жаран аныкталып, тергөө органдарына жеткирилген. 2026-жылдын 2-февраль күнү Манас шаардык сотунун чечими менен шектүүлөр 1 айга камакка алынды.