Кара-Кулжада 36 жаштагы тургун кар көчкү алдында калды. Издөө жүрүп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 79
 
Опубликовано 2 Февраля 2026, 13:55

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кар көчкүдө калган жаран изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун Биринчи Май айыл аймагына караштуу Жүргүр жайлоосунда кар көчкү жүрүп, 1989-жылы туулган Б. уулу М. аттуу жаран кар астында калган.

2026-жылдын 1-февраль күнү саат 15:00дө Кара-Кулжа райондук №66 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылган. Бирок кеч кирип кеткендигине байланыштуу окуя болгон жерге жетүүгө мүмкүн болгон эмес. 

ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, подполковник А.Исакулов баштаган ыкчам топ жана Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 10 куткаруучу саат 06:00дө издөө иштерине чыгышты.