Ак-Талаа; Махабат Акималиева унутта калган улуттук жабдык менен таар согуу өнөрчүлүгүн аркалап келет
-
Категория
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын тургуну Махабат Акималиева унутта калып бара жаткан кыргыз кол өнөрчүлүгү менен 22 жылдан бери алектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Акималиева Махабат Турарбековна 1981-жылдын 28-мапт күнү Баетов айылында туулган. Ал Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебин аяктаган соң, Ак-Тал айылына келин болгон. Жолдошу Алыбек Макеев Аскар Турдакунов атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенет. Экөөнүн баш кошуп бирге түтүн булатып жашап келе жаткандарына 25 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта жубайлар 5 баланын ата-энеси болууга жетишти.
Махабат айым унутта калып бара жаткан кыргыз кол өнөрчүлүгүн чоң энеси жана чоң кайын энеси тарабынан өткөндүгүн айтты.
"Өзүмдүн чоң энем иштүү, уз адам эле. Ошондой эле чоң кайненем менен кайненем экөө дагы уз адамдар болгон экен. Өзүм деле кол өнөрчүлүккө бала кезимден эле кызыкчумун. Идирегим дагы бар окшойт, бат эле колго алып кеттим. Жээк, шоона ийрийм. Кийиз жасап, шырдак жөрмөйм, шырыйм дегендей. Мындан тышкары, таар согом. Таардан куржун, баштыктарды тигем. Курак курайм. Өрмөк согом", - деди Махабат айым.
Ал өзгөчө кыргыздын унутта калып бара жаткан нукура инструменттердин жардамы менен таар согуу өнөрчүлүгүн айтып берди.
"Уяң койдун жүнүн ийрип, боёкко салып жипти даярдап алам. Андан соң, ата-бабабыздан калган кыргыздын улуттук жабдыктары аталган адыргы, кылыч жана учмара деп коёт. Ушул жабдыктардын жардамы менен таар согом. Таардын узундугу 20 метр, туурасы 20-30 сантиметрге чейин болот. Согулган таардан куржун, чүкө баштык, ат жабдууларын жасап чыгам. Бир таардан 6-7 куржун чыгат. Куржун - ичине ар кандай буюмдарды салып алып, атка артып жүргөнгө ыңгайлуу жана бышык баштык да. Таардын жибин кыш мезгилинде ийрип чыгып, жай келгенде таар согом. Анткени, таар согуу үчүн кенен жер керек. Адыргы деген - таар согууда астыңкы жана үстүңкү жиптерди ажыратып туруу кызматын аткарат. Кылыч - таар түз согулуу үчүн ургулап туруучу жабдыгы. Учмара дегени - курулган жипти которуштуруп туруучу жабдыгы болуп саналат. Таар согууда эң биринчи математиканы абдан жакшы билүү зарыл. Бул мындайча айтканда математикалык иш. Аа баса, бул таар соккон жабдык кайын энемден калган", - деди Махабат айым.
Каарманыбыз кыргыздын унутта калган улуттук кол өнөрчүлүгү жоголуп кетпесин деген ниетте түйшүгүнө карабай жасап жүргөнүн айтты.
"Кыргыз элинин улуттук кол өнөрчүлүгү жоголуп кетпесин деген максатта түйшүгүнө карабай жасап жүрөм. Жайдын ысыгы, кээде жаан-чачын, шамал баарына туруштук берип бүтүрөм. Ал ортодо үй иштери, тамак-аш жасоо деген бар. Эми аял кишинин үйдөгү иштери түгөнбөйт эмеспи. Ошого карабай, убакыт таап жасап келем. Ал эми шырдак жасоонун жаңы өзүнчө түйшүгү бар. Аны көп эле аялзаты жасай алат, түйшүгүн жакшы билишет. Бир шырдакты бир жылда жасап бүтөм. Буга чейин 10 шырдак жасап саттым. Таар буюмдарын, курактарды, шырдактарды...дегеле кол эмгегимди үйгө жасайм, курбуларыма жасап берем, белекке берем. Мындан тышкары, буйрутма бергендерге жасап сатам. Өзгөчө тоого, жайлоого чыккан уйчулар, малчылар көп алышат", - деди Махабат Акималиева.
Махабат айым шырдагы Швейцарияга чейин сатылганын айтты.
"Ак-Талаа районунун ичиндеги кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмөлөргө, жыл сайын өтүүчү Соң-Көлдөгү фестивалга катышып жүрөм. Бирок, бир дагы жолу байгелүү орунга илинбей калдым. Эмеле жогоруда айтылгандай, менин максатым байге утуу же сатып акча табуу эмес. Негизгиси, унутта калып бара жаткан кол өнөрчүлүктү көрсөтүү, сактап калуу болуп саналат. Жыл сайын барам. Бирок, ал жактан эч кандай таар, өрмөк согуу өнөрчүлүгүн аркалагандарды көрө элекмин. Менден шырдак сатып алган эженин кызы швейцариялык жигитке турмушка чыгыптыр. Бир күнү алар эденин үйүнө келишип, шырдакты көрүп калышат. Менде ошол шырдактын түгөйү бар болчу. Жактырып калышып, мага келип сатып алып кетишкен. "Бул натуральный шерсть" деп мактап кетишкен. Кичинекей кызы бар экен. Кызыбыз үстүнө отурат деп алышты. Ал шырдакты башкача жасадым эле. Кара кийиз менен боз кийизди оюштуруп, ак жээк менен жөрмөп, шырып чыккам жана эч кандай боёк колдонгон эмесмин", - деди Махабат айым.
Отправлено из Mail для Android