Ошто өткөн экстремалдуу автожарыш жүздөгөн көрүүчүлөрдү өзүнө тартты

turmush
Скачать
Просмотров: 2736
 
Опубликовано 10 Января 2026, 13:00

9-январь күнү Ош шаарынын Алмалык айылында Жип-спринт жана мотоспорт боюнча жарыштар болуп өттү.

Уюштуруучулардын билдиргенине караганда, бул жарыш жүздөй спортчуну өзүнө камтыды.

Авто жана мотоспорттун бул түрү өзүнүн экстремалдуулугу менен башка спорттон айырмаланат. Анткени, спортчулар унаасы же мотоцикли менен татаал рельефке ээ жайларда - табигый тоскоолдуктардан, бурулуштардан жана техникалык татаал участоктордон турган трассаларда жарышышат.