Ак-Талаа; Дарыгер унаа жолдон карышкыр атып алды

turmush
Скачать
Просмотров: 2550
 
Опубликовано 30 Декабря 2025, 15:54

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну түндө унаасы менен жол жүрүп келе жатып, унаа жолдон канчык карышкыр атып алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 29-декабрдан 30-декабрга караган түнү Баетов айылынын тургуну, Орозбек Көккөзов атындагы жалпы дарыгерлик практикалык борборунун дарыгери Эдил Үсөнов Баетов - Макмал унаа жолунан же тактап айтканда Чолок-Кайың айылынан Баетов айылына 2 уулу менен келе жатып, унаа жолдон алдынан чыккан карышкырды атып алууга үлгүргөндүгү маалым болду.

"Эки уулумду салып алып айылдан келе жаткам. Унаамда мылтыгым бар эле. Өзүм мергенчиликке еызыгам. Хоббим деп койсом болот. Ак-Чий айылынан өткөндөн кийин Чоң-Шор деген чөлкөмдөн бир карышкыр унаа жолду кесип, ылдыйкы чап жакка өтүп бара жаткан экен. Унааны токтото коюп, карышкырды атып калдым. Карышкыр унаадан кача бербейт", - деди Э.Үсөнов
--
Отправлено из Mail для Android