Ак-Талаа; Эки айылда эки дөбөт карышкыр атылды

turmush
Скачать
Просмотров: 292
 
Опубликовано 29 Декабря 2025, 12:21

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун эки айылында жергиликтүү мергенчилер тарабынан 2 дөбөт карышкыр атылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Баетов айылынын тургуну Сыймык Сарыгуловдун айтымында, жергиликтүү тургун тарабынан Төө-Куйрук чөлкөмүндө 4 карышкыр жүргөнүн, жылкыларга кол салып жатканын билдирген. Анын негизинде Баетовдон 3 мергенчи, Теректен 1 мергенчи карышкыр атууга чыгышкан. Алар 4 карышкырдын бирин атып калышкан.

Мындан тышкары, Чолок-Кайың айылынын жергиликтүү мергенчилери 28-декабрь күнү Тогуз-Булак жайлоосунда 2 карышкыр жүргөнүн угушуп, карышкыр атууга чыгышып, алар 2 карышкырдын бирин атып калууга үлгүрүшкөн.
--