00:00 / 04:34

Мурда шаарга караган кварталдын жашоочулары маршруттук каттамдын жоктугуна жана жолдун начардыгына нааразы

turmush Категория: Новости 25 декабря 2025, 11:22 105 просмотров
Скачать
Жолубуз абдан начар, жамгыр, кар жааса чуңкурларга суу толот. Бул тууралуу Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Манас айыл өкмөтүнүн 223-кварталынын жашоочулары билдиришти.

Алардын айтымында, жол маселесинен сырткары, маршруттук каттам жок. Эл 1 чакырым басып, негизги трассага чыгууга мажбур.

Жергиликтүү тургундардын бири 223-кварталдын Нуркамил Жумаев көчөсү өзгөчө начар акыбалга келгенин, жергиликтүү бийлик шагыл төгүү менен гана чектелип жатканын айтты.

Ал кошумчалагандай, жол начар болгону үчүн мурда каттаган №105 каттам аталган кварталга кирбей калган.

ТОП просмотров