Ош: №8 Горький мектебинин аймагындагы мыйзамсыз курулуштар бузулуп, жаңы корпус салынат

turmush
Скачать
Просмотров: 2357
 
Опубликовано 23 Декабря 2025, 13:59

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кезектеги рейддик кыдыруусунун алкагында №8 Горький атындагы жалпы билим берүүчү мектебине барып, окуу жайдын учурдагы абалы менен жеринде текшерүү жүргүздү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей аталган мектепте учурда 2500 жакын окуучу билим алат. Шаар башчысы окуучулар үчүн түзүлгөн шарттарды карап чыгып, парта жана отургучтарды алмаштыруу, ошондой эле башка аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү кызмат жетекчилерине тапшырма берди.