Кара-Суу менен Алайда аңчылык эрежелерин бузган жарандарга 37 миң 500 сом айып пул салынды

turmush
Скачать
Просмотров: 26
 
Опубликовано 22 Декабря 2025, 10:14

Ош облусунда аң-уулоо эрежелеринин сакталышы боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-декабрь күнү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Министрликтин Ош регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери, ошондой эле «NABU Кыргызстан» уюмунун «Барс-2» тобунун кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу жана Алай райондорунун аймагындагы аңчылык жерлеринде аң-уулоо эрежелеринин талаптарынын сакталышын текшерүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү.