13-декабрда Бишкек шаарында «Жаңы жыл жаңырыгы» деп аталган VI республикалык сынак-фестиваль өттү. Анда бир нече жаш курак боюнча 2 миңге жакын балдар таймашты. Сынак-фестивалды Кыргыз Республикасынын Элдик-эстрада бий боюнча федерациясы уюштурган.
Бул таймашка Жумгал районундагы Ч.Дүйшеева атындагы балдар искусство мектебинин тарбиялануучуларынан куралган «Соң-Көл бермети» тобу дагы катышты. Эстрадалык бий багыты боюнча 5 жаштан 9 жашка чейинки жумгалдык кыздар «Жөжөлөр» бийин көрсөтүп, жыйынтыгында республика боюнча 2-орунду ээлешти.
Жаш бийчилерди хореограф мугалим Аксана Абдрасулова даярдаган.