Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында "Жол эрежесин бил!" аталыштагы жөө жүрүш уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ак-Талаа райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Асыкбек Шакуловдун айтымында, райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жана райондук ички иштер бөлүмү уюштуруусунда уюштуруусунда жол кырсыктарынын алдын алуу, айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол эрежелерин так сактоого чакыруу максатында Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы, райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте "Жол эрежесин бил" аталыштагы жөө жүрүш өткөрүлдү. Жөө жүрүштө айдоочуларга спирт ичимдиктерин ичип алып унаа башкарууга, ылдамдыкты ашырбай айдоого, унааларды кышкы дөңгөлөктөрдө алмаштырууга, калктуу конуштарда жакынкы жарык менен айдоого чакырык жасашты. Ошондой эле, Эсенгул Карасартов жана Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары жол эрежесин так сактоого чакырган үгүт баракчаларды көтөрүп алышып жөө жүрүшкө катышышты.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлорунун айтымында, учурда жол кырсыктарынын көбү ылдамдыкты ашырып айдоодон, спирт ичимдиктерин ичип алып унаа башкаруудан улам болуп жаткандыгын жана шагыл, чаң жолдо унаалардын аралыгын сактабай, катуу ылдамдыкта айдап жатышканлыктан улам жол кырсыктары катталып жаткандыгын билдиришти.
--
Отправлено из Mail для Android