Ак-Талаа: Чаңы көккө сапырылган унаа жол. Суу чачуучу техника алынды

turmush
Скачать
Просмотров: 383
 
Опубликовано 4 Декабря 2025, 13:36

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда чаңы асманга сапырылган унаа жолго суу чачып туруу үчүн суу чачуучу атайын техника алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын - Баетов - Макмал унаа жолу дээрлик 90 чакырымды түзөт. Тактап айтканда, Баетов айылынан Кош-Дөбө айылына чейинки унаа жол. Мунун ичинен 15 чакырым аралыгында асфальт төшөлгөн. Ал эми калган чакырымы шагыл, топурак жол болуп, учурда Кыргыз-Кытай темир жол курулушуна курулуш материалдарын тарткан оор жүк тартуучу унаалар өткөндө жолдун чаңы асманга сапырылып чаңдан улам жол көрүнбөй, унаа жолдун айрым тилкелеринде топурагы чыгып калгандыгын, чаңдан улам жол кырсыктары көп болуп жаткандыгына жергиликтүү тургундар нааразы болуп келишет.

Мындан улам, Кыргыз Республикасынын президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров баштаган тиешелүү жетекчилер Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаев менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен жакынкы арада Баетов-Макмал унаа жолунун 20 чакырым аралыгына шагыл төгүлүп, суу чачуу иштери жүргүзүлүп турары маалым болду. Ал үчүн атайын суу чачуучу техника алынып келинип, унаа жолго суу чачуу иштери колго алынды. Мындан тышкары, 2026-жылдын биринчи чейреги менен Баетов-Макмал унаажолунун долбоору даярдалып, толугу менен 2 катмарлуу асфальт төшөө иштери жүргүзүлөрү айтылды.

Ал эми райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Асанбек Билимбек уулу суу чачуучу техника алынып келингендигин, күн сайын суу чачып турууга аракет кылышарын билдирди.


--
Отправлено из Mail для Android