Нарын облусунун Нарын шаарында облустук деңгээлде "Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү" аталыштагы сынак уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 15-май күнү аталган сынак Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов орто мектебинде Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан жаш өспүрүмдөрдүн жол унаа кырсыктарын алдын алуусу, болтурбоо жана жол эрежелерин так билүүсүнө үйрөтүү максатында өткөрүлүп, ага облустук усулдук билим берүү борборунун, Нарын регионалдык бөлүмүнүн жана Нарын шаарындагы автомектептердин кызматкерлери катышышты. Облустук сынакка, шаар райондордо өткөрүлгөн жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү кароо сынактарынан жеңүүчү болгон жалпы 6 команда катышып, жыйынтыгында сынактын жеңүүчү командалары аныкталды.
Жеңүүчүлөр;
- 1-орунду Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинин “Перекресток” командасы багындырды,
- 2-орунду Кочкор районунун Ишеналы Арабаев атындагы орто мектебинин “Ак-Жол” командасы ээледи,
- 3-орунду Нарын районунун Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинин “Эдельвейс” командасы камсыздады.
Жеңүүчүлөргө болгон балуу белектер, кубок, дипломдор жана грамоталар тапшырылды. Ал эми 1-орунду ээлеген Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинин “Перекресток” командасы алдыда боло турчу республикалык мелдешке катышууга мүмкүндүк алды.
--
Отправлено из Mail для Android