Ак-Талаа; Бүтүндөй бир айыл элинин жер үлүштөрүнүн токтомдору табылбай жатат

-
Категория
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Терек айылынын тургундары жер үлүштөрүнүн (айдоо аянттары) документтерин ала албай жүрүшкөндүгүн айтып чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган айылдын башчысы Токтомуш Кожоев бүтүндөй бир айылдын элинин жер үлүштөрүнүн документтерин жок болуп жатканын айтты.
"Убагында жер үлүштөрү берилген. Бирок, ошол жер үлүштөрүн берүүдөгү биринчи токтому бүтүндөй бир айылдын элиники жок болуп жатат. Буга чейин документ иштерине көп көңүл бурбай, жерди иштетип жүрө бергенбиз. Учурда, өлгөн адамдардын жерин келиндерине, неберелерине которуп бериш керек, сатыш керек деген сыяктуу маселелер чыкканда баарыбыз эле барып, архивди карап жатабыз. 1995-жылдан тарта 2000-жылга чейинки документтер, иш кагаздар архивге өтпөй калыптыр. Жок. Анан эми болгон адвокат, юристтерге чейин кайрылып жатам. 1-2 кишиники болсо дагы сот аркылуу чечтирип алат элек. Бүтүндөй айыл боюнча жок болуп жатпайбы", - деди Кожоев.
Ал эми Ак-Талаа райондук "Кадастр" ишканасынын жетекчиси Талантбек Турусбеков жер үлүштөрүнүн оригиналын токтомун табыш керектигин билдирди.
"Буга чейин Үгүт айылында дагы ушундай маселе болуп, акыры табылды да. Түтүндүн, калктын санына жалпы чыккан түп нускасы бар экен. Ошону менен маселени чечип баштадык. Ал эми Терек айылы боюнча айрымдарыныкы бар. Кээ бирөө токтомдун оригиналдарын өздөрү көтөрүп жүрүшөт. Биз аларга "токтомдун оригиналдарын айыл өкмөт аркылуу архивге өткөргүлө" деп айтып жатабыз. Биз архивге сунуш кылып, канча үй-бүлөгө чыкса ошого жараша китеп жасап беребиз деп айтуудабыз. Кээ бирөө жердин кызыл китебин жүрөт. Бирок, токтому жок. Кээ бириники токтому менен кызыл китеби туура келбейт. Бирок, биз токтомдун негизинде китебин оңдоп берип коё беребиз. Ал эми токтому жок, китебин көтөрүп жүргөндөрдү эч нерсе кыла албай жатабыз. Токтомун табыш керек. Бул мындай болгон да. Бир кездерде айыл өкмөттөн эле элге жер үлүштөрүн кызыл китептери менен берип, токтомдорун чыгарышып, тиешелүү номурларын коюшкан. Бирок, ошол токтомдорду архивге өткөрбөй коюшкан да. Кызыл китеби менен токтом чыгарууга болбойт. Укук берүүчү документ токтом да. Ошол токтомдун негизинде жер ээси бирөөгө сатат же белек кылып берет. Ошондой учурда нотариус токтомдун оригиналын сурайт", - деди Талантбек Турусбеков.
Айыл тургуну Жылдыз Ажиева жер үлүштөрдүн токтому жок пенсияга чыга албай кыйналып жатышканын айтты.
"Токтомду силер (Кадастрга) жазып берсеңиздер болот. Жанагы сары кагаз деп жатпайбы, ошол токтомдун негизинде жазылган да. Ал сары кагазда сүрөтүнөн бери, канча гектар экендигинен бери турат. Муну жакшылап сиздер чыңдап ишке киришип койсоңуз эле бүткөнө турат. Болбой турган эч нерсе жок. Анда ошол учурда жер берген адамдардан талап кылыш керек. Биз "жер берди, китеп берди" деп жыргап жүрөбүз. Азыр, ушул учурда пенсияга чыгып жаткандар кыйналып жатат да. Жер үлүшүн токтому жок, таптакыр пенсияга чыгарбай жатат", - деди Ажиева.
"Кадастр" ишканасынын жетекчиси Талантбек Турусбеков токтомду айыл өкмөт берерин айтты.
"Токтомду мен жаза албайм. Жерди айыл өкмөт берет. Токтомду айыл өкмөт жазып берет. Биз (Кадастр ишканасы) каттоочу органбыз. Биз мүмкүңүздү каттап гана беребиз. Бул мындай болгон да. Учурунда, жер үлүштөрдүн деле токтомдору чыккан. Болгону токтомдор архивге өтпөй калган. Муну айыл өкмөттөн, чарбалардан жакшылап караш керек. Терек айылынын чарбасы айыл өкмөт жана үрөн чарбасы деп экиге бөлүнгөн да. Муну ошолордун мурунку документтеринен караш керек. Бар, болгону бир жерде турат", - деди Турусбеков.
--
Отправлено из Mail для Android