00:00 / 00:05

Ысык-Атада 6 жаштагы бала изделдүүдө

turmush Категория: Новости 10 апреля 2025, 08:44 4758 просмотров
Скачать
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 6 жаштагы баланы издөө иштери улантылып жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, бүгүн, 10-апрелдеги издөө иштери саат 06:00дө башталды. Жалпы 5 топ түзүлүп, издөө иштерине милиция кызматкерлери, ӨКМдин кызматкерлери тартылды. Ошондой эле район акими Эркеайым Сейитказиева да келди.

Издөө иштерине тартылгандарга айыл өкмөт тарабынан ысык тамак берилди.

ТОП просмотров