Таластагы борбордук мечиттин алдында автоээнбаштык жасаган айдоочуга айып салынды

turmush
Скачать
Просмотров: 404
 
Опубликовано 10 Февраля 2025, 10:06

Талас шаарында автоээнбаштык жасаган айдоочу табылды. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас шаарынын борбордук мечитинин алдында айдоочу «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унааны чимирилтип айдаган. Ага Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 189-беренесинин 1-бөлүгү (автоээнбаштык) боюнча 15 миң сом айып пул салынды. Ал эми унаасы айып короого токтотулду.