Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Көөчү айылынын туругуну Элнура Кадырбек кызы үй-бүлөсү менен бал аарыларды багып жатат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде бул чакан бизнеске кантип аралашып калганын айтып берди.
Элнура Кадырбек кызы балчылыкка жолдошу менен баш кошкон мезгилден тарта кызыгуусу артып баштаганын белгиледи. Анын айтымында, 2024-жылы чакан ишкерлигинен киреше тапты.