Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун 8-классынын окуучусу Рахим Саматов жүк ташуучу роботу менен облуста «Креативдүү идеялар жана технологиялар» кербени сынагын жеңип чыгып, эл аралык сынакта да баш байгени багындырды. Бул тууралуу райондук билим берүү борборунан билдиришти.